Menu

Бишкекте Москвадагы өрттөн каза болгондордун элесине арналган аллея пайда болот

Бөлүшүү:

Бишкектин мэри Албек Ибраимов Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргызстандык кыз-келиндердин элесине арнап аллея ачуу демилгесин колдоду.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги гулзарга бак тигилет. Мэр Албек Ибраимов муниципалдык кызматтарга жер бөлүп берүүнү жана көчөт отургузууга көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Буга чейин Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу демилгечи топ 2016-жылы 27-августта Москвада өрттөн улам трагедиялуу өлүмгө дуушар болгон кыргызстандык кыз-келиндердин элесине арнап аллея ачууну сунуштаган.

Мэриядан кабарлашкандай, бул демилге өлкө ичинде жана тышында жашаган миңдеген кыргызстандыктын арасында колдоо тапты. Мэрге жолдонгон кайрылууга Бишкектин 567 жашоочусу кол койгон.

Москвада Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканада 27-августта өрт чыгып, 17 адам мерт кеткен. Алардын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келин болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: