Menu

Сенаторлор сексуалдык ыдык боюнча айыптардан улам Трамптын отставкасын талап кылышууда

Бөлүшүү:

Нью-Йорктон шайланган демократ-сенатор Керстин Жилибрандт АКШ президенти Дональд Трампка кызматтан кетүү кеңешин берди.

Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө CNN телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып билдирди. “Мен президентти сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап жаткан 19 аялдын айрымдарынын көрсөтмөлөрүн уктум – алардын бардыгы ишенүүгө татыктуу”, – деди Жилибрандт. Анын айтымында, эгер Трамп тез арада өз эрки менен отставкага кетсе, Конгресс тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп, аны жооп берүүгө чакырышы керек.

Кийинчерээк Жилибрантты Орегондон шайланган демократ-сенатор Рон Вайден дагы колдоп чыкты. Ал бардык жарандар, анын ичинде президент дагы мыйзам алдында бирдей экенин эскертти. Өткөн дем алыш күндөрү Трамптын дарегине мындай айыптоолорду Орегондон шайланган сенатор Жефф Меркли менен Нью-Жерсиден шайланган сенатор Кори Букер дагы айтып чыккан.

Жекшембиде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли «Трампты айыптаган аялдардын үнү угулушу керектигин» белгилеген. Анын бул сөздөрү боюнча пикирин билдирген Жилибрандт «ал аялдар үнүн угууга гана эмес, аларга ишенүүгө да татыктуу экенин» айтты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс «президент аялдардын таарынтуучуларына каршылык көрсөтүүсүн колдой турганын» билдирип, айтылган айыптарды четке какты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: