Кыргызстанда 120 миң мугалим бар, алардын 2,5 миңинде жогорку билим болсо да, педогогикалык билими жок, – бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ушундай мугалимдердин да айлыгы көбөйө тургандыгын министр белгиледи.
Депутат Данияр Аттокуров (КСДП) инженер-программист билими бар мугалим информатикадан сабак берерин, бирок айлык көбөйгөндө, азыр алган 8 миң сомдун ордуна 6 миң сом алып каларын айтты. “Англис тили боюнча мугалимдери да ошондой. Анткени көпчүлүгүнүн котормочу деген диплому бар, бирок мектепте сабак беришет”. – деди депутат. Билим берүү министри педогогикалык билими болбосо да, мектепте сабак берип жаткан соң, бириники калбай айлыктары көбөйөрүн айтты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ