Menu

Депутат Руслан Казакбаев: “Эски тажрыйба менен жаңы энергияны бирдей колдонуу – кадр маселесинде жакшы жыйынтыкты камсыздайт”

Бөлүшүү:

“Кандай гана мамлекеттик кызматтын бутагын албайлы, бардык жерде кадрлардын тең салмактуулугу сакталышы керек.  Ошондо гана жаш муун улуу муундун тажрыйбаларын үйрөнүп, ал эми улуу муун жаштардын жаңычыл кадамдарына баам салып турушмак”, – дейт ЖК депутаты, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Руслан Казакбаев бүгүн, 25-январдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат Өкмөт курамындагы, министрликтердеги тез – тез кадрдык алмашуулар адатка айланбаса, – дейт. “Кайра – кайра алмашуулардын кандай кесепеттерге алып келерин терең ойлонуп, туура чечим чыгарбаса, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүнө кедергиси тийип калышы да мүмкүн. Коопсуздук жаатына да залакасы тийбегендей болуш керек”, – деди эл өкүлү кадрдык саясат тууралуу өз пикирин ортого салып.

“Ар бир министрликтер менен ведомстволордогу статс-катчыларды ротациялоо практикаланып жатат. Анда ошол кызмат ордуна сунушталган статс-катчылыкка талапкердин өздүк адистиги ошол тармактын талабына шайкеш келер – келбеси анчалык мааниге ээ болбой калууда.  Бул шашылыш жасалган кадам болуп калды окшойт. Маселени кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар”, – дейт Р. Казакбаев.

Мамлекеттик кызматкер бир гана аткаруучу катары олтура бербеши керек. Башка мамлекеттерди алып көрө турган болсок, мисалы, Россияда орто административдик кызматка дагы реформалык кадамдарга баруу колунан келген, өз алдынча жаңыча көз карашы бар кадрларды ишке сунушташып, кадр саясатын түп-тамырынан бери жаңылоочу  багыттар жүзөгө ашырылууда. Эски тажрыйба менен жаңы энергияны бирдей колдоно билүү кадр маселесинде жакшы жыйынтык бермекчи, – дейт парламентарий.

Статс-катчылар ошол өзү иштеген тармакта кадр маселесине түздөн –түз жооп бере турган өкүл. Ошондуктан, алар универсалдуу кадр менеджери болууга тийиш. Ишинде жаңычылдыгы менен айырмалангандарды кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу курстарына жөнөтүү, кызматтык тепкичтерин өйдөлөтүү сыяктуу иштердин бардыгына дал ушул статс – катчылар жооп беришет, – дейт ошол эле түз эфирдеги уктурууга катышкан КР мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев.

Мамлекеттик – административдик жана муниципиалдык – административдик кызматкерлер арасындагы кадрдык алмашуулар дүйнөлүк тажрыйбада 7-8%дан 10%га чейинки көрсөткүчтү түзсө, бул абал бизде деле ошондой. Мамлекеттик кызматка келгендер ачык сынактын жыйынтыгы боюнча ишке алынат, – дейт Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: