КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 24-январда Сотторду тандоо кеңешинин талапкерлерин тандоо учурунда сотторго элдин 90%ы ишенбей калганын айтып чыкты. Эл өкүлү өз сөзүндө: «Кезинде Аскар Акаев: «Сотторго 80 пайыз эл ишенбейт экен» – деп, чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы соттун чечимдерине нааразычылык билдиргендер. Бул чындык. Эми 10 миллион жеген аткаминерге бир жарым миллион айып пул салынып, эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион айып пул салынып жатса, каяктагы адилеттикти айтабыз», – деп агынан жарылды. Кашкайган чындыкты айтты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ