Menu

Шаар митинги: мааниси менен таасири калдыбы?

Бөлүшүү:

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

– Митинг, пикеттердин таасири, мааниси жоголгон жок. Тескерисинче ар бир жаран коркпой митингге чыгууга үйрөндү. Саясатчылар дайыма эркиндикти колдонуп, пикет акцияларга чыгып жүрүшөт. Бийлик мыйзамдык укугун колдонуп чыккан элге, уюштуруучуларга тоскоолдук, чагымчылдык иштерди кылбашы керек. Кыргызстанда тыюу салынган митингдерге көбүрөөк эл чыгууга аракет кылат. Анткени эл деле бардыгын билип, өз пикирин ачык билдиргенге көнүп калды.

Адил Турдукулов, активист:

– Мен митингдердин таасири азайды дегенге кошулбайм. Анткени митинг өткөрүү, тынч жыйынга чогулуу конституциялык укутубуз. Ошондуктан Кыргызстанда 1000ден ашык митингдер болуп турат. Күнүнө алып карасак бир күндө бир митинг болот дегенге барабар. Бул митингдин бардыгы мыйзам чегинде өтүп жатат деп ойлойм. Бийликке каршы көтөрүлгөн митингдерде сөзсүз түрдө чагымчыл күчтөр болот. Бул чагымчьш күчтөр бийлик тарабынан болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Алар уюштуруучуларды жаман көрсөтүү максатында көздөшөт. Алардын оюу кээ бир учурда ишке ашат, айрым учурда ишке ашпайт. Мындай чагымчыл иштерден Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар сынып калбайт.

Марат Кайыпов, экс-министр:

– Пикет, митинг, жөө жүрүш же ыңкылап эл бийликти каалабай, бийликтин зулумдугуна, адилетсиздигине чыдабай калганда өзүнөн өзү жаралат. Ушундай шарт болгонун баамдаган саясатчы элди топтоп уюш-турса ал эл баштап кетет. Ал эми Кыргызстанда өнөкөт болгон төлөмөй пикет, митингтер бара бара сууп жок болот.

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты:

– Туура акыркы күндөрү митинг, пикеттердин мааниси кетти. Митингге чыгуунун да максаты болушу керек. Эмне үчүн чыгып жатканын ар бир киши билиши керек. Азыр өкмөттүн иштеп жатканын, коңшу мамлекеттер менен алакада иш алып барып жаткандарын көрө билишибиз керек. Жакшы инвестицияллар келип жатат. Өнүгүү жолуна түшүш үчүн тынчтык керек. Болбогон, арзыбаган акчага кызыккандар гана максатсыз митингдерге чыкпаса, жөн адам чыга бербейт. Мамлекетке пайдалуу иш кылганды билбесең да жок дегенде зыян тийгизбей жашаш керек.

Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты:

– Демократиянын шаңы ошондой. Биринчиден «силер, элдер митингге чыккыла, а биз өзүбүздүн максатыбызга жетебиз» деген ой менен өткөрүлгөн митингдердин максатына жетиши, көздөгөн оюунун ишке ашышы кыйын болот. Лидерлер менен элдердин ою бир болмоюн бийликке эч кандай катуу таасир болбойт. Митингге элди чыгаруу оңой эмес. Акча менен элди алдоо оңойго турбайт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: