Menu

Жедигер Саалаев, Конституциялык палатанын судьясы: “Кызымдын тагдырына кабатырланам. Кудай баарыбыздын балабызга ыйман берсин”

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын судьясы Жедигер Саалаевдин кызы социалдык тармактардын биринде авиакырсыкта каза тапкандар тууралуу терс пикирлерди айтып, башкалар менен оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп урушканы катуу сынга кабылды. Социалдык тармактын колдонуучулары кызынын мындай болуп калышына атасын дагы күнөөлөп чыгышты. Биз Жедигер Саалаевдин өзү менен байланышып, бул окуя боюнча пикирин сурадык. Саалаев кызынын мындай пикир жазганына ишенбейт. «Кызымдын жеке баракчасына жазып калтырган билдирүүлөрүн караганга убактым жок. Элдерден уктум.

Ошол билдирүүнү менин кызым жаз­ганына ишенбейм. Учурда кызымдын тагдырына кабатырланып жатам. Талкууга алынып жаткан билдирүүсүнө эч кандай баа бере албайм. Мен бир гана нерсени айта алам, 2016-жылдын июнь айында кинотеатрда бир кыз менен орун талашып, чатак чыккан окуядан кызым психологиялык жактан катуу травма алган. Айрымдар кызымды унутуп, элдин баары «Судьянын кызы болсо эле ушинте берсе болобу» деп мага чабуул жасашкан. Бизди бүткүл дүйнө, Кыргызстандын баары жек көргөндөй болуп кызым аябай жаман болгон. Ошол шоктон али чыга элек. Аларды кепке-сөзгө келтирип элдештирип койгонубуз үчүн бизге таарынып, биздин үйдөн кетип, өз алдынча батирге чыгып кеткен. Андан ары чет өлкөгө кетип калды. Ошол окуядан кийин кызым бүт дүйнөгө таарынып жүргөн кези. Колундагы көрсөтүлгөн билет боюнча өзүнүн орундугуна отура албай, кыздар маскаралап, бейтапканага жатып чы­гып, аягында өзү күнөөлүү болуп калганына аябай ичи ачышты. Ошондо мен коргоп кала албаганыма, биринчи кезекте мени күнөөлөп жүрөт. Мен да өзүмдү буга күнөөлүү сезем. Биз элдештирбей эле жайына койгонубузда окуяга кызымдын күнөөсү жок экендиги далилденет беле» дейт Саалаев.

«Ушул комментарийлерди укканда, кызыңыз менен байланышып сүйлөшө алдыңызбы?» деген сурообузга, «Кызыбыз менен сүйлөшүп турабыз. Бул биз­дин жеке турмуш да. Юридикалык тил менен айтканда, толук укук жөндөмдүү толук балакатка жеткен жаран болгондон кийин өзүнүн жасаган жорук-жосундарына өзү жооп бериши керек. Мен анын жасагандарына эч нерсе деп айта албайм. Ар бир адамдын баласы бар. Балдардын көкүрөгүнө ыйман салсын. Кудай-Таала мындай кырдаалды эч кимдин башына салбасын. Болуп өткөн окуядан кийин кызым менен байланышууга аракет кылдык. Бирок бизди такыр эле блокко коюп, биз менен сүйлөшпөй атат» дейт Саалаев.

Булак: “Политклиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: