Жакында Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер менен комитет башчылары ант беришти. Ант берүүгө Алмаз Шаршенович катышты. Ал адатта көңүлүнө толгон кадрларды кол алышып кучактап, далысынан таптап куттуктайт эмеспи.
Мисалга алсак, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ант бергенден кийин президент куттуктап, далысынан эки-үч жолу таптап жиберди. Албетте Дүйшөн мырза өз ишин так жана таза аткарган мыкты кадрлардан. Ал эми ошол эле жерден мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына бир топ эл өкүлдөрүнүн нааразы болгондугуна карабай шайланган Бакыт Шаршенбиевге колунун учун гана берип, көңүлүнө толбогон кадр катары мамиле кылды.
Муну менен эмнени айткыбыз келет? Шаршембиевдин буга чейин Исхак Масалиев көтөрүп чыккан, “Кыргызтелекомду” банкрот кылганы ажобузга деле жетсе керек, болбосо эмнеге колунун учун берип шагын сындырмак эле. Ишеничти актайбы же ишин баштагыдай иритеби? Эмнеси болсо да көрө жатарбыз.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ