Menu

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Бөлүшүү:

Быйыл «Алтын Тамга» сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19%) артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин тастыктады. Өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, “Алтын Тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен (дене табын өлчөө, колдорду зыянсыздандыруу, жеке орундуктарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу, талапкерлердин тыгынын алдын алуу үчүн тестке катышуу убакыттарынын графиктери) бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: