2006-жылы президент Курманбек Бакиев мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү ишке ашырып, ал ушул убакка чейин уланып келген. Ал мамлекеттин казынасынан каржыланган. Өткөн жылы мамлекет аны каржылай албай калып, Орусиядан жардам келип окуучулар ошонун эсебинен тамак ичкен. Эми, Атамбаевдин бийлиги тамак берүүнү токтотуу демилгесин көтөрдү. КСДП фракциясы «окуучулар тамак ичпейт экен», – деген шылтоо менен ысык тамак берүүгө кеткен каражатты токтотуп, башка багытка бура турганын жана окуучуларга тамак берүүнү токтотуу зарылчылыгы жаралганын айтышууда… Ошону менен катар эле «Референдумга жок» кыймылынын курултай өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылып, өткөрүүгө жай бербей жатканын Равшан Жээнбеков айтып, ал Бакиевдин убагында мындай кысым, курултай жана жыйындарга жай бербей койгон учур болбогонун айтты. Ошону менен катар, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бакиевдин убагында менчикке берилген батирине Атамбаев асылып жатканына нааразы болду. Ал, «Бакиев кылбаган жамандыкты, Атамбаев кылып жатат»,- деп айтты. Айтор, коомчулук күндөн күнгө Бакиевдин артыкчылыгын, жакшы жактарын, Атамбаевге салыштырмалуу түзүк болчу деген пикирлерин билдире башташты…
Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ