Иран лидеринин аскерий кеңешчиси Хосейн Дехган CNN телеканалына маек берип жатып, АКШнын аскерий объектилерине сокку урууга камынып жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Хосейин Дехгандын айтымында, согушту Америка өзү баштагандыктан тийиштүү жооп алышы керек. “Жооп Ирандын куралдуу күчтөрү менен жасалат. Трамп бизге 52 десе, биз 300 дейбиз, колубуздан келет”,-деди ачууланып.
Эске сала кетсек, 3-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп генерал Касем Сулейманини эмнеге өлтүрткөнүн ачык эле айткан. Анын мындай сөзүнөн кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон тынчсызданып, АКШнын мындай кыймыл-аракети Жакынкы Чыгыштагы абалды кескин курчутуп жибериши ыктымалдыгын билдирген.
4-январда миңдеген ирандыктар митингге чыгып, куран окутуп, ыйлап эскеришкен.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/757678241388876/?v=757678241388876
Маркумдун сөөгү эртең, 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ