Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынан башталып, жолун улантууда. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти. Ал жерге келген Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков салт-санаабыздын баалуулуктарын баса белгилеп, өзүбүздөн “Абыке, Көбөштөр” чыкпай, кыргыздын маданиятын эмне экенин түшүнүшү керектигин, ал батышчылбы, чыгышчылбы, динчилби, айтор, ким болбосун, бардыгы кылымдан бери келаткан кыргыздын сый мыйзамына баш ийип, мекенге зыян келтирбеши керектигин айтып, аягында алакан жайып батасын берди. “Урааным манас” деп үч жолу айтып, “уулдарыбыз улуулукту утсун, кыздарыбыз аруулукту тутсун!”,-деди. Ага чейин ал жерге Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана укук коргоочу Токтайым Үмөталиева келип, пикирлерин билдирип кетишкен.
Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:
Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ