Menu

Шейшенбек Байзаков, генерал: “ИИМге барганда ыйлагым келет”

Бөлүшүү:

Генерал! Шейшенбек Байзаков менен күчүнө кирген кодекстерде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына чоң укук берилгени жана ИИМдеги реформа боюнча баарлаштык.

– Шейшенбек мырза, жаңы күчүнө кирген кодексте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына чоң укук, артыкчылык берилип жатыптыр. Мурда соттолуучунун кайсы түрмөгө кесилерин соттор чечсе, азыр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныктайт экен. Бул нерсе тартипти орнотууга шарт түзөбү же коррупцияны күчөтөбү?

– Чынын айтсам, соттолуучунун кайсы жакта камалаарын, кылган кылмышына жараша мөөнөтүн кайда өтөөрүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныктайт деген укук берилгени туура болгон. Айтайын дегеним, эркиндиги чектелип камакка алынган адамдар менен соттор эмес, так ушул кызмат иштешет. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы  эркиндиги чектелген адамдардын кылган кылмышын жана канчанчы жолу камалып жатканын толугу менен эске алат. Ошого жараша мөөнөтүн өтөй турган түрмөнү аныктайт. Сотторду жаман дегенден алысмын. Бирок алар кээде катачылыкка жол берип, кокустан кылмыш кылып алган интеллигент адамды деле күчөтүлгөн тартипте мөөнөтүн өтөсүн деген чечим чыгара беришет. Көп жолу кылмыш кылган жана коркунучтуу кылмышкерлердин арасында камалганы туура болоор, болбосун анчейин элес ала беришпейт. Кыскасы, жаңы кодексте берилген укуктар Жазаларды аткаруу кызматынын ишин илгерилетет. Түрмөлөрдө стабилдүүлүктү, адилеттикти орнотот. Башкача айтканда, абактагы айрым чектен чыккандарды тартипке чакырчу жерге өздөрү эле которо бере турган укукка ээ болушат. Ал эми ошол артыкчылыктар коррупцияны гүлдөтүп жибербейби деген сурооңорго коррупцияны күчөтпөйт деп жооп берээр элем.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок биринчи жолу капыстан, кокустан кылмыш кылып камакка түшкөндөрдү өзгөчө кылмышкерлерден бөлүп кармай турган жайлар жетиштүүбү?

– Тилекке каршы, андай жайлар жетишсиз. Ошон үчүн мына ушундай кылмыш кылгандарды камай турган жалпы колония ачышыбыз керек. Болбосо жогоруда айткандай авария же кокусунан кылмыш кылгандар күчөтүлгөн режимде камалгандар менен чогуу отуруп калып жатшат. Өкмөт жалпы колония деп
өзүнчө жай ачуу сунушумду эске алса жакшы болот эле.

– Жол кайгуул кызматын жойсо же ачып, милициялардын формаларын алмаштырып койсо эле ички иштер министрлигинде реформа жүрүп жаткан болооу?

– Чынын айтсам, ИИМге барганда ыйлагым келет. Реформа деп отуруп, системаны талкалашты. Чыныгы адистерди эмес, ботаниктерден бери милиция кыла берип милициянын кадырын жоготуп, аталган кызматтын таш-талканын чыгарышты. Азыр ИИМде укук деген жок. Милдет эле бар. Ал аз келгенсип, чиндерди да оңду-солду тапшырып, чиндин да кадырын кетиришти. Азыр ИИМге барып таш ыргытсаң сөзсүз бир полковниктин башына тиет. Полковникти оюнчук кылып алышты. ИИМде лейтенант жок. Баары эле полковник. Мен милицияга кызматка киргенде мен иштеген УВДда бар болгону үч эле полковник бар болчу. ИИМде бар болгону бир генерал, 5 полковник бар эле. Азыр полковниктер чачтан көп. Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы реформа деп отуруп, кылмыш иликтөө кызматын жоюп, аймактык тескөөчүдөн бери криминалдык милиция кызматы деп атап салышты. Бул туура эмес. Ар бир тармактын өзүнчө аткара турган иши, көтөрө турган жүгү болот. Антип жалпылап салганыбыздын өзү чоң катачылык.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: