Menu

Кундуз Жолдубаева: “Биз кандай кысым болбосун, баарына туруштук беребиз, эч качан сынбайбыз!”

Бөлүшүү:

Экс-президент камалгандан кийин коомчулуктун байкоосу күч алды. “Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгөт?” дегендей санааркоолор жанданып. Мына ушундан улам аркы жээктин маанайын билүү иретинде КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаеваны кепке тартып, баарлашып турган чагыбыз.

-Кундуз айым, УКМКнын камагындагы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу, духу кандай?

– Экс-президент өзүңүз билгендей, духу бийик, күчтүү инсан. Ден соолугу да жакшы. Мен башкысы, «алтын баш аман болсо, баардыгын жеңебиз» деп дайыма айтып келем. Учурда мына ошол маанилүү. Алмазбек Шаршеновичтин коопсуздугу толугу менен бийликтин мойнунда. Коомчулук да аны айдан ачык түшүнүп турат. «Атамбаевди абакка камап койсок эле иштин баары бүтөт» деген өтө чоң жаңылыштык жана алысты көралбаган саясый сокурлук.

Алмазбек Шаршенович сынбайт, тескерисинче, кайра көп нерсеге башкача көз караш менен карап, системанын мүчүлүштүктөрүн ичинен аңтарып көрүп жатат. Элдин да көзү ачылды. Коомчулук болсо жүрбөй жаткан иштин баарын Атамбаевге оодарып коюп, өзүнүн чабалдыгын жаап-жашырып отурган бийлик эми кантээр экен (?) деп карап турат. Бийликтин кийинки кадамдары кандай болот, азыр ошол маанилүү. Ошого көңүл бурушубуз керек.

 – Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринен чыккан талаш, тергөөчүлөр менен адвокаттардын карама-каршылыгы эмне менен бүтчүдөй?

– Козголгон кылмыш иштердин баары таптакыр ойдон чыгарылган. Бир эле Батукаевдин бошотулушун алалы. Жактоочулар бир да жолу көрсөтмө бербеген экс-президент менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс-башкы прокурор Аида Салянованы беттештирүү акылга сыйбаган иш (!) деп айтып жатышат. Ошондой эле башкы прокуратура Атамбаевге тиешеси жок көп объектилерди камакка алганы – элдин башын айландырып, экс-президентти каралоонун аракети экенин айгинелеп койду. Деги эле Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуялардын баардыгы мыйзамды одоно бузуу менен жүрүп жатат. Макамынан ажыратуунун эле Конституцияга туура келбейт. Ошондуктан экс-президент башынан эле «бийлик укук талаасына кайтып келиши керек” деген позициясын билдирип келет. Тергөө саясый буйрукту аткарып жатканын баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок, мыйзамсыз иштерге эртедир-кечтир жооп берүүгө туура келет. Ошону тергөө органдары, күч түзүмдөрүнүн башчылары жана кызматкерлери унутпаса дегим келет.

– “Медиа Форумга” күч органдары камак салып, жаап салды эле. Маалыматтык күрөш жүргүзүү жагын кантип атасыңар?

– Бүгүнкү күнгө чейин жумуш орундарыбызга кире албай жатабыз. КСДП башка уюмдардай эле “Медиа Форумдун” имаратынан иш бөлмөлөрүн ижарага алып отурчубуз. Тийешелүү келишимдердин баары бар. Демек, бизге карата мындай кыймыл-аракеттерди саясый куугунтук катары эсептесе болот. Мыйзам боюнча саясый партиялардын ишине бийлик органдары тоскоолдук жаратпашы керек. Иш жүзүндө бай тарыхы, айкын, так идеологиясы бар, көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясын жок кылуу аракети жүрүп жатат. Эң өкүнүчтүүсү, ушул буйрукту бергендер да жана ал буйрукту аткаруучулар да КСДПдан чыккан адамдар. Бирок, ичкен кудугуна түкүргөндөрдүн бул иштерин тарых өзү таразалайт.

Бийлик маалыматтык жактан бизди кысабыз (!) деген ой менен “Апрель” телеканалынын ишин токтотуп коюу менен утушка жеткен жок. Сөз эркиндигин кысымга алуу эч качан эч кимге аброй алып келген эмес. Балекеттин баары негизи ушундай аракеттерден кийин башталат эмеспи…

Маалыматтык согушта биз мурдагыдай эле саясый оппоненттерден алдыдабыз. Анткени, коомчулуктун пикири да, колдоосу да көбүнесе биз тарапта.

– КСДПнын саясый кеңешинин мүчөлөрүн, активисттерин эсепке алсак, Кой-Таштагы окуядан кийин канча адам камалды? Аларга карата СИЗОдо зордук-зомбулук болбоптурбу?

– Азыр абакта президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, элдик штабдын башчысы Кыяс Смаилов, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, элдик штабдын активдүү мүчөсү Фархат Баабиев жана Кой-Таш ж.б. айылдардын ондогон жашоочулары отурушат. Булардын баары саясый өңүттөгү иш боюнча отурганын СИЗОдо деле түшүнүп турушса керек. Бирок, буларды “сындыргыла” деген атайын буйрук болгон эмес (!) деп айтуу кыйын го… Эмнеси болсо да, булардын эрки күчтүү, чыныгы патриот адамдар. Кандай кыйынчылык болбосун туруштук беришет. Башкысы, алар ак жеринен күнөөлүү болуп жатышкандыгын эл деле көрүп турат. Акыйкаттык бир күнү орнойт.

– Өзүңдү да эки кылмыш ишине күбө катары чакырып атканын билебиз. Бул туурасында кандайча ой бөлүшөөр элең?

– Ооба, барымтага алуу беренеси боюнча ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат. Аскер прокуратурасы болсо ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишин кароодо. Ал иштердин жагдайларын айта албайм, анткени тергөө сырын айтпоо туура-ындагы документке кол койгом. Бир нерсени гана белгилеп кетким келет, мени коркутуп, күбөдөн шектүүгө же айыпталуучуга айлантып, “камап коёбуз” деген коркутууларга моюн сунуп, унчукпай отуруп калчу адам эмесмин. «Мындай ыкмалар менен оңой эле сындырып коёбуз” деген – чоң жаңылыштык. Өз оюмду айтууга мага Конституция жол берет. Бул менин укугум, мен эркин өлкөнүн эркин жаранымын.

– Атамбаев камалгандан кийин саясый активдүүлүгүңөр басаңдай түшкөндөй болду окшойт. Оппозициялык ишмердүүлүгүңөр мындан ары да уланабы, же?..

– Албетте, уланат. Бул туурасында кеп да болушу мүмкүн эмес. Баарыбызды ары-бери сүйрөп, сурактан суракка чакыртып жатышат. Ошондуктан биздин активдүүлүк басаңдай түшкөндөй көрүнсө керек. Бирок, мен жогоруда айткандай, биз кандай кысым болбосун, баарына туруштук беребиз, эч качан сынбайбыз, мүңкүрөп башты жерге салып отуруп да калбайбыз. Болгону тактиканы кичине өзгөрттүк. Саясый күрөштү митингдер менен эмес, башка жол менен жүргүзөбүз. Мен жогоруда айткандай, эми бийлик колунан кандай иш келерин көрсөтсүн, коомчулук күтүп жаткан реформаларды бери кой, өлкөнү алдыга жылдырган жөнөкөй эле тартипти, конкреттүү ишти көрсөтсүн. Биз мына ушуну талап кылабыз. Өзүбүздүн альтернативдүү чечимдерди, программаларды сунуштайбыз. Мурда айтып келген ураандарыбызды ишке ашырууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Алдыда келе жаткан парламенттик шайлоого сөзсүз жаңы адамдар менен барабыз. Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келиши керек, бүтүндөй система реформаланууга тийиш. Бул замандын да талабы, элдин да мүдөөсү. Ошондо гана Кыргызстанда өсүү, алдыга жылуу деген болот. Биздин баардык иш-аракеттерибиз мына ушуга багытталмакчы.

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: