“Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаров Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди”, – деп маалымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Анын айтымында, 1 пенсионерге 1,2 иштеген адам туура келет. Минималдуу пенсиянын өлчөмү – 1700 сом. «2016-жылы мекеменин өзүнө 701 млн сом өлчөмүндө каражат каралса, анын 85 пайызы кызматкерлердин маянасына жумшалган. Ал эми 2017-жылы Соцфондго 709 млн сом каралууда. Мекемеде 1610 адам иштейт», – дейт ал.
Аймактарда иштеген Соцфонддун кызматкерлеринин орточо маянасы – 16 миӊ 500 сом, жетекчилериники – 25 миӊ сом.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ