Сапар Исаков кечээ, 13-ноябрда, Султанов Чынгыз менен Авазова Гүлзаттын жана ошондой эле Конокаалы уулу Ынакбек менен Дүйшөнаалы кызы Жанарынан никелерин каттоо аземине катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жаш жубайлар ушул жылдын 10-октябрында, КР Коомдук телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн электрондук тейлөө мамлекеттик порталы аркылуу алгачкы жолу никеге катталуу тууралуу электрондук түрдө арыз беришкен.
Өкмөт башчы жаштарга кайрылып жатып, алардын жашоосундагы маанилүү датасы менен куттуктап, алардын башкаларга үлгү болуп жаткандыгын баса белгиледи.
«Өлкөдөгү «Таза Коом» улуттук программасынын алкагында электрондук тейлөө мамлекеттик порталы ишке кирген. Анын натыйжасынжа жаштар биринчилерден болуп, никеге турууга арыз беришкен. Силер электрондук каттоодон өткөн алгачкы жубайлар катары башкаларга үлгү боло алдыңар», — деди Сапар Исаков.
Премьер-министр жаш жубайларга эстеликке белегин берип, аларга үй-бүлөлүк бактылуу жашоо жана бекем ден соолук каалады.
Эскерте кетсек, электрондук тейлөө мамлекеттик порталы ушул жылдын 10-октябрында Премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн.
Бүгүнкү күндө порталга 17 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жүктөлгөн, аларды колдонуучулар онлайн түрүндо пайдалана алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ