Menu

КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2018-2040-жылдарга «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясынын долбоорун негиз катары кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында кечээ, 15-ноябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VI отуруму өттү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Отурумда 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясынын долбоору талкууланды.

Мамлекет башчысы сөзүнүн башында аны менен катар жаңы шайланган Президенттин да катышып жатканы Улуттук кеңештин бүгүнкү отурумунун өзгөчөлүгү экенин белгиледи. «Мындай саамалык  жакшы салтка айланышын каалар элем.  Алты жылдан кийин Сооронбай Шарипович кудум азыркыдай  болуп, өз укуктарын өткөрүп берип, жаңы Президентке  билгендерин үйрөтүп, көмөктөшсө жакшы болоор эле», – деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы мындан беш жыл мурда бекитилген 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын логикалык уландысы болуп калаарын айтты. «2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алганыбыз өзүн толук актады деп белгилегем. Биз ушул документтин аркасы менен, кыргызстандыктардын эмгегинин аркасы менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн жолуна алып чыга алдык. Эсиңиздерге бар чыгаар, ал жерде бардык тармактар маалымат берчү. Көпчүлүк ал жерде  жалаң экономика эмес, мисалы, таза шайлоолор, сот реформасы, кылмыш укуктарын реформалоо, маданият, тил, дин саясаты каралганына таң калышкан. Мындай документ керек экендигин мезгил өзү далилдеди. Мамлекеттин бардык  чөйрөсүн камтыган  кеңири документ», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда акыркы алты жылда демократияны чыңдоо үчүн көп иштер жасалганын белгиледи.  «Биз акырындык менен Кыргызстанда демократияны чыңдоо үчүн шарттарды түзө баштаганбыз. Кыргызстанда референдумду өткөрүүгө каршы кандай ызы-чуу болгондугун эске сала кетейин. Биринчи кезекте демократияны коргоочу  кебетеленгендер катуу чуу көтөрүшкөн. Бирок  дал ошол өткөн жылдагы  референдум Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүнүн бир этабы болуп калды. Ошол стратегияда белгиленген ачык шайлоолор элдин бийликке ишенимин кайтарууга мүмкүнчүлүк түздү»,  – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстанды бөлүнүп-жарылып калат деп көзү ачыктык кылгандар көп болгонун, ал эмес, кимге кайсы облус тийерин да талкуулашканын отургандардын эсине салды.  «Бирок биз бардыгына чыдадык, акыркы финансылык кризис нефти менен газы бар башка өлкөлөргө кыйла катуу таасир тийгизди. Биз улуттук валютанын туруктуулугун сактап калдык, ал башка коңшулаш өлкөлөргө караганда бир аз гана төмөндөдү.  Биз ИДПнын кескин  төмөндөшүнө жол берген жокпуз», – деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев бизнес темасына жана Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү тууралуу маселеге токтолду.  «Бизнестин өнүгүшүнө чоң рынок керек. Биз  зор үмүт менен ЕАЭБге кошулдук. Бул туура  чечим, бүгүн дагы биз ЕАЭБде калышыбыз керек. Тилекке каршы бүгүн көпчүлүк россиялык жана казакстандык басма сөздөрдө Кыргызстан, Атамбаев  ЕАЭБди бузгусу келип жатат деп жазышууда. Бул болбогон кеп! Биз ЕАЭБдин курамынан чыгалы деген жокпуз, чыкпайбыз дагы. Чындыгында  иш жагдайы мындай, Кыргызстан бир айдан ашуун Казакстандын жетекчилигинин кежирлиги менен ЕАЭБдин калган өлкөлөрүнөн кесилип  турат. Болгондо дагы Президент Атамбаев Казакстандын жетекчилеринен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана мыйзамдарын урматтоону талап кылгандыгы үчүн Кыргызстанга блокада уюштурулду. Бизге өз тартибиңерди таңуулабагыла, өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпегиле», – деп айтты ал.

ЕАЭБ келечеги жөнүндө айта келип, Мамлекет башчысы «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык мамилелер кабыл алынган макулдашуулар жана келишимдер менен жөнгө салынбастан, айрым өлкөлөрдүн жетекчилеринин  кежирлиги жана кесирлиги менен жөнгө салынса, ЕАЭБ цивилизациялуу экономикалык бирлик боло албайт» экенин белгиледи.

Муну, деп кошумчалады Президент, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин түзүлгөн кырдаалга карата толук кайдыгерлиги жана Тигран Саркисян башында турган Евразия Экономикалык Комиссиянын жетекчилигинин толук аракетсиздиги далилдеп турат.

Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоорун турмушка ашыруу, Ташкент – Ош – Кашкар эл аралык автотрассаны ишке киргизүү жана ата-мекендик продукцияларды сатуунун башка альтернативалык рынокторун издөө зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы – бул эксперттердин чоң тобунун эмгеги экенин айтты. Анда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынган. “Адам биздин негизги баалуулук, адам – өнүктүрүү стратегиясынын башкы максаты болууга тийиш. Өнүктүрүүнүн бардык программалары, бардык улуттук долбоорлор башкы максатка –  адамдын өнүгүшүн, анын ийгиликтүү болушун, азыркы жана келечек дүйнөдө ыңгайлуу жана коопсуз жашашын камсыз кылууга  баш ийдирилүүгө тийиш”,- деди ал.

Президент Кыргызстан көңүлдүн борборунда эң жогорку баалуулук катары адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери болгон күчтүү, бакубат мамлекет болооруна ишене турганын билдирди.  «Кыргызстан келечекте кыргыз жараны деген бирдиктүү улуттук руху, күчтүү экономикасы бар мамлекет жана бакубат турмушта жашаган эркин адамдардын өлкөсү болот», – деп белгиледи ал.

Отурумда ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти Сооронбай Жээнбеков,  фракция лидерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө демократияны курууга, атаандаштыкка негизделген жаңы саясий маданиятты калыптандырууга кошкон салымы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоону таза, ачык, Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарына ылайык өткөрүү үчүн баарын жасады. Ал өз тарыхыбызга, маданиятыбызга, каада-салттарыбызга жана менталитетибизге таянган жаңы саясий маданиятты түптөдү. Анын жетекчилиги алдында Кыргыз мамлекети бекемделип, чыныгы эркин адамдардын эркин өлкөсүнө, региондогу эң туруктуу өнүгө баштаган өлкөгө айланды», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн өлкөдө мындан ары өнүгүү үчүн базалык шарттар түзүлдү деп баса белгиледи. Мында бардык бийлик бутактарынын, карапайым эмгекчилерден тартып, өлкө Президентине чейинкилердин бардыгынын зор эмгеги бар.

Шайланган Президент өнүгүү саясатында улантуучулукту сактоонун маанилүү экенин, ошондой эле мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүүдө Улуттук кеңештин өзгөчө ролун баса белгиледи. «Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы коомчулук, бийликтин бардык бутактары колдоп, жактырган, келечекке багытталган бирдиктүү документ, биздин жаркын келечекке карай жол картабыз болуп калат деп ишенем. Менин милдетим – жетишкендиктерди бекемдеп, өнүгүүнүн инновациялык жолун улантуу», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ал  Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы коомчулуктун жигердүү катышуусу менен дагы жаңы идеялар жана сунуштар менен толукталаарына ишеним билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрү 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун негиз катары кабыл алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев стратегиянын долбоору 2018-жылдын 15-февралына чейин толукталып иштелиши керек экенин белгиледи жана келерки жылдын февраль айынын аягында Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынса деген каалоосун айтты.

Мамлекет башчысы Кеңештин мүчөлөрүн улуттук долбоорлор боюнча сунуштарды киргизүүгө, бийик максаттарды коюдан коркпоого чакырды. «Алдыга бийик максаттарды койгула. Бир кезде биздин таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү системасын орноторубузга көптөр ишенген эмес. Биз муну жасадык », – деп белгиледи ал.

Президент колдоосу, жемиштүү эмгеги үчүн Кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалады. «Мен 2040-жылы Кыргызстан дүйнө коомчулугун суктандырган өлкө болооруна ишенем», – деди сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: