Menu

Өзбек бийлиги: кайтып келген «издөөдөгү» адамдар түрмөгө камалбайт

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун бийлиги издөөдө жүргөн өзбекстандыктарды мекенине кайтып келүүгө чакырды. 12-мартта жергиликтүү тургундар менен жолуккан облус башчысы Туроб Жураев өлкөгө кайтып келген жарандар түрмөгө камалбай турганын билдирди. Мындай чакырыктар өлкөнүн башка аймактарында дагы айтылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургун Ойдин Рахматова облус башчысына кайрылып, беш жылдан бери көрө элек уулун өлкөгө алып келүүгө жардам берүүсүн суранган.

– Алар уулум келсе түрмөгө камалбайт деп убада беришти. Эми ал 22-мартка чейин келет деп үмүттөнүп жатам. Ал күнү менин туулган күнүм, – деди Рахматова. Анын уулу Уткир Расулов 2014-жылы Орусиядан депортациялангандан кийин Түркияга иштегени кеткен. Достору Санкт-Петербургда диний айыптар менен соттолгондон кийин мекенинде ага издөө жарыяланган.

Бийликтин убадасын уккан Расулов эми Өзбекстанга барганы жатат. “Мени укук коргоо органдары эмнеге айыптап жатканын билбейм. Болгону издөөдө экенимди билем. Азыр Самарканд облусунун бийлиги мен акталганымды жана кайтып келишим керектигин айтып жатышат. Бирок азырынча акталганымды ырастаган бир дагы документти көрө элекмин”, – деди ал.

Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, эгер Өзбекстандын жарандары башка өлкөлөрдүн аймагындагы согуштарга катышпаган болсо, аларды эч ким түрмөгө камабайт. Анткен менен чет өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандыктардын көбү мекенине кайтып барууга шашылышкан жок.

Былтыр июнда президент Шавкат Мирзиёев өлкө имамдары менен жолуккан маалда «кара тизмедеги» дин адамдарынын иштерин кайра карап чыгып, алардын үй-бүлөлөрү менен иштөө тапшырмасын берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: