Menu

Дарыгер Иманбаева пара алган эмес

Бөлүшүү:

Буга чейин Улуттук госпиталдын көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева операция үчүн 30 миң сом пара алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалганы, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылганы ЖМКларда кабарланган.

Анын адвокаты Иманбаеваны эч ким кармабаганын, операция боло турган адамга керектелүүчү дары-дармекке жана көздүн хрусталына кеткен каражаттар Салтанат айымдын чөнтөгүнөн төлөнгөнүн билдирген. Оорукчан адам тарап качан мүмкүнчүлүгү болгондо төлөп берээри тууралуу дарыгер менен макулдашышкан. Окуянын чын-бышыгын дарыгердин өзүнөн уктук. «Жашы улгайган аялдын көзүнө операция жасалган жана хрусталь коюлган. Операциядан кийин кеткен чыгымды кызына көрсөткөнбүз. Чыгымдын бардык чектери бар, сакталуу. Ал эми кызы азыр каражаты жоктугун жана тапканда алып келээрин айткан. Макул болгонбуз. Көп өтпөй каражат тапканын бир нече жолу айткан. Алып келсе келгендир деп көңүл бурган эмесмин. Кийин келгенде УКМК кызматкери жана адвокаты менен келиптир. Мен баарын болгонун болгондой айтып, чыгымдын товардык чектери менен далилдеп бергем. Бул окуя бир адамдын буйругу менен жасалып, менин жумуш ордума келүүм түйшөлтүп жаткандыгынан кабар берет. Мен мыйзамсыз иш жасаган эмесмин», – дейт Салтанат Иманбаева.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: