Menu

Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин көчмө жыйыны Ош шаарында өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Ушул 2016-жылдын 14-15-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт.

Иш чаранын биринчи күнүндө комитет өкүлдөрү Ош областынын Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Мөнөк айылындагы маданият үйүнүн абалы менен таанышат. Ошондой эле Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасында болушкан соң, депутаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун шартын көрүп чыгышат. Ош областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен төрөт үйүнүн иштеринен кабар алуу дагы иш чаранын графигинде камтылган.

Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына сунушталып жаткан талапкерлер менен жолугушуулар да уюштурулат. Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жагдайы да тармактык комитет  өкүлдөрүнүн көңүл борборуна алынмакчы.

Ал эми 15-март күнү өтө турган көчмө жыйындын  күн тартибине ылайык, эрте никелешүүнүн социалдык жана укуктук кесепеттери талкууланат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер–министри  Г. Кудайбердиева кеңири маалымат берет.

Ошондой эле  Ош областындагы адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маселелер талданып,  адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалы, Сирияга тартылып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маселелер каралат. Бул боюнча  маалыматтар менен да КР вице-премьер–министри  Г. Кудайбердиева тааныштырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: