Menu

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жээк чыңдоочу иштерди талап кылган тилкелердин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө жээктерди чыңдоочу иштердин жүргүзүлүшүн талап кылган бир катар жер тилкелерин кыдырып чыкты.

Ал Кемин, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы жер тилкелеринин абалы менен таанышты.

«Болжол менен жээктерди чыңдоо иш-чараларын талап кылган 193 кооптуу тилке бар. Анын ичинен 1996-2019-жылдары 47 объект курулган, коргоочу курулуштардын жалпы узундугу 12603 метр саналат. Үстүбүздөгү жылы пандемияга жана бюджетик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу жээктерди чыңдоочу иштерге финансылык каражаттар бөлүнгөн эмес», – деди ал.

Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар багыттарды иштеп чыгуу, анын ичинде жээк чыңдоочу иштердин маселесин биринчи кезекте чечүүнү талап кылган жер тилкелеринин тизмесин, ошондой эле каржылоо булактарын аныктоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, чектеш аймактагы инерттик материалдарды казуучу жеке компаниялардын ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү боюнча тапшырма берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: