Menu

Видео – Депутат Тазабек Икрамов 1990-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз байыган чиновниктердин мүлктөрүн текшерүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-майда депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз баюу маселесин көтөрдү. 

Ал 1990-жылдан бери мамлекетке ар кандай гранттан 10 миллиард доллар бөлүнгөнүн, бирок сыймыктанып айта турган бир дагы завод же фабрика курулбаганын айтты.

“Мурунку чиновниктердин үстүнөн сөзсүз түрдө иш алып барыңыздар. Элдер ошону күтүп жатышат. Өкмөт ал боюнча иш алып барбаса, кыйкырыктары, чакырыктары менен мамлекетке чоң зыян келтире турган топтор түзүлө баштады. Ошондуктан бул маселеге чечкиндүү чара көрүңүз” – деп депутат премьер-министрге кайрылды.

“Биз укуктук мамлекетпиз. Укуктук мамлекетте мыйзамдын жолу менен кыймыл-аракет жасашыбыз керек. Өкмөттө иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер туура эмес мамлекеттик менчикти менчиктештирип алып, коррупциялык механизмдер болгон материалдар болсо, анда аны карасак болот” – деп билдирди премьер-министр.

Ал ошондой эле, мамлекет бизнести жана экономиканы коргогонуна байланыштуу, бул мыйзам чегинде жасалышы керек экендигин баса белгиледи.

“Биз мамлекеттик мүлк фондусуна тапшырма бердик. Кандай болуп менчиктештирилген, кандай болуп сатылгандыгын барын тастыктайт. Эгерде мыйзам жолу бузулган болсо, анда чара көрөбүз” – деп кошумчалады премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: