Menu

Салтанат Максатбек кызы, актриса: “Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин”

Бөлүшүү:

Экран жүзүн көргөн «Келинка» сериалы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, үй-бүлөлүк тасмага айлана баштады.

Ар бир сериясын качан чыгат экен деп күткөн күйөрмандарынын саны күн санап көбөйүүдө. Сериалдын режиссеру Эльдар Турдумамбетов, продюсери Мирлан Даанышман. Бүгүн сериалдын баш каармандарынын бири келиндин образын кенен ачып бергенге аракет кылган жаш актриса Салтанат Максатбек кызы менен жакындан тааныштырабыз.

—Салтанат, өзүң, үй-бүлөң жөнүндө окүрмандарга сүйлөп берсең?

—Менин атым Салтанат кино ааламына кадам таштаган жаш актрисамын. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, 3 бир тууганбыз. Атам Султаналиев Максатбек кыргыз драм театрында сантехник болуп иштейт. Апам Шакелова Анархан үй кожойкеси. Мен үйдүн улуусу болом. Менден кийин Саламат деген сиңдим жана Даниель деген иним бар. Экөө тең Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунда окуйт.

—Сенин билимиң кандай?

—Билимим жөнүндө айта кетсем, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин искусство факультетинин театр бөлүмүнун актердук чеберчилигин бүтүргөм. Менин мастерим театр режиссеру Шамиль Дыйканбаев.

—Бала кезде ким болом деп кыялданчусуң?

—Балалыгымда ар кандай кыялдарым бар болчу. Милиция кызматкери, медайым, алып баруучу болгум келчү. Искусство чөйрөсүндө болгум келчү. Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин.

—«Келинка» сериалы тууралуу айта кетсең, кандайча тартылып калдың?

—Чынын айтсам, кастинг болдубу-жокпу билбейм. Мага сериалдын продюсери чалды, чакырды. Режиссер менен тааныштым. Алар иштешүү тууралуу сунушун билдиришти. Ушинтип эле иштешип кеттик.

—Образга кирүү кыйын болгон жокпу?

—Билесизби, биз диплому бар актер-актриса болгондуктан, мунун баарын окуйбуз, 4 жыл ичинде ушунун үстүндө күндө иштейсиң. Чын эле өзүм турмуш кура элек болгондуктан, жеңелеримди карап, байкап анан жаралган образ болду. Өзүм кандай келин болом, билбейм.

—Сериалдан өзүңө эмне ала алдың?

—Өзүм үчүн сериалдан көп нерсе ала алдым. Үй-бүлөдө эки кыз, бир эркек болгондуктан, иним эне-атам менен калат да. Анан өзүм баарына анализ жүргүзүп чыктым. Сериалдын башында менин каарманым жолдошунун ата-энеси менен жашаганына каршы болот эмеспи. Ушундай кырдаал болгондо эмне кылыш керек деп ойлондум.

—Мындан башка дагы кандай ролдорду жараткансың?

—Башка ролдорум бар, бирок көбүнчөсү театрда. Мен кино жана театр актрисасы болгондуктан, кино жаатында көп тартыла элекмин. Эпизоддук ролдорумдан тышкары, Бакыт Мукулдун тасмасында жана Медер Жалиловдун «Шайлоо» аттуу фестивалга багытталган тасмасында роль жараткам.

—Кыялданган ролдоруң барбы?

—Театрда кыялданган ролдорум бар. Мисалы Шекспирден Джульеттанын ролун ойногум келет. Чыңгыз Айтматовдон Алимандын, Жамийланын ролун ойногум келет.

—Кандай ролдорду жаратуу жагат?

—Мага көбүнчө комедиялык ролдорго караганда, терең, психологиялык ролдор жакыныраак, жеңил алып кетем.

—Алдыга койгон кандай максаттар бар?

—Келечекте алдыма көп эле ой-максаттарды койгом. Театр жана кино тармагы менен биргеликте, үй-бүлөнү дагы чогуу алып кетким келет. Ушул үч багытты тең бирдей алып кете аламынбы же алып кете албаймынбы билбейм, бирок менин максатым ушул. Аракет кылам.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: