Ошто аскер кызматкери кечээ, 17-ноябрда асынып, каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы билдирди.
Алардын айтымында, Башкы штабдын Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жүргөн сержант өз үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгон. Ата-энеси өз өмүрүн кыйган жеринен таап алышкан. Анын өлүмү боюнча Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөөдө жана тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эске сала кетсек, буга чейин аскердеги эки бала каза болгон Бирөөсү 5-ноябрда көз жумган. Ал ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинде токко урунган. 6-ноябрда ЖАМКнын кайтаруу жана күзөт департаментинде жоокер каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ