Menu

Казакстан 31-августтан тартып карантин чараларын жумшартат

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги 31-августтан тартып карантин чараларын дагы жумшарта турганын кабарлады. Июлда вирустук пневмония менен коронавирус кайра өрчүгөн маалда карантин күчөтүлгөн эле.

Дүйшөмбүдөн тарта диний объектилер, маданий жайлар, машыгуу залдары, бассейндер, спорткомплекстер иштей баштайт. Мындан тышкары улуттук парктар жана коркуктар да ачылат, бирок бир топто 15 кишиден көп болбошу керек жана беткап режимин сактоо зарыл. Өкмөт шаар аралык каттамдар да калыбына келерин билдирүүдө.

Казак бийлиги вирус жайылган маалда карантин чараларын күчөтүү менен ооруну 10 эсе азайтууга мүмкүн болгонун билдирүүдө.

Казакстанда эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу карантин 5-июлда кайрадан күчөтүлгөн. 17-августта чектөөлөр акырындык менен алынып, соода борборлору, сулуулук салондору иштей баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: