Menu

Саламаттык сактоо министрлигине 8 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 6,5 миң даана ПЧР-тест берилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-июнда КР Саламаттыктык сактоо министрлигине 8 жасалма дем алдыруу аппараты жана COVID-19 аныктоочу 6550 ПЧР-тест берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, иш-чара Глобалдык Фонд тарабынан колдоого алынган жана ПРООН тарабынан 2018-жылдын июлунан 2020-жылдын декабрына чейин ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында ВИЧ жана кургак учукту натыйжалуу контролдоо” долбоорунун алкагында өттү.

Медициналык жабдуулардын жана ПЧР-тесттердин баасы 266 миң 438 долларды түзгөн.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар пенитенциардык тутуму үчүн Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Бишкек шаарындагы, Ош облусундагы, Жалал-Абад облусундагы  Улуттук кургак учук борборуна өткөрүлүп берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: