Европа биримдиги (ЕБ) дүйшөмбүдө Орусияга каршы экономикалык санкцияларын 2017-жылдын 31-июлуна чейин узартты. Бул тууралуу Европа кеңешинин расмий сайында жазылган.
Андагы билдирүүдө санкциялардын узартылышынын негизги себеби катары Орусия тараптан Минск келишимдеринин аткарылбаганы көрсөтүлгөн.
Өткөн жумада ЕБ кеңешинин башчысы Дональд Туск Брюсселдеги саммитте Орусияга каршы санкциялар жарым жылга узартыларын ырастаган. Айрым өлкөлөр чектөө чараларын бир жылга узартууну сунушташкан.
Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларын Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдын жайында киргизген. Украина менен эл аралык коомчулук Кремлди жикчилдерге аскердик жардам берип жатат деп айыпташууда. Москва айыптоолорду четке кагып келет. Чектөөлөр Орусия экономикасынын каржы жана энергетикалык тармактарына багытталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ