Жаңыдан Жогорку Кеңешке депутат болуп барган Аида Касымалиева жеке тажрыйбасына таяныппы, ким билсин, ботокс деген бетти жашартуучу жана бырыштан арылтуучу заттан жабыр тарткандар көп болуп жатканын белгилеп, косметология тармагы көзөмөлгө алынбай жатканын жар салды. Мындан улам, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге косметология тармагы, анын ичинде ботоксту кимдер көзөмөлдөйт деген суроо узатты. Батыралиев бул тармакты министрлик көзөмөлдөбөйт деп жооп берди. Ботокс эмес, башкасын көзөмөлдөй албай жаткан министрликтен сураган Аида айым да кызык. Ал эми коомчулук болсо Аида Касымалиева деле мугалимдерди саанчыларга окшоштурган, Кыргызстанда 8 миңден аз айлык жок деген, кыргыздын калпагын мончого түшкөн калпакка салыштырган депутат эжекелеринен алыс кетпейт окшойт деп нааразы. Бул туурасында «Эгемен» сайты жазып чыкты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ