Menu

Жалал-Абад шаарынын мэри кызматын таштап, депутаттыкка аттанды

Бөлүшүү:

 Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов бүгүн кызматтан убактылуу кетүү тууралуу арызын жазып, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышмак болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу С. Авазов бүгүн мэриянын аппаратынын кызматкерлери жана шаардагы муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, өзүнүн ээлеп турган кызматын тапшыруу жана шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышуу чечимин кабыл алгандыгы тууралуу билдирди.

Ал акыркы эки жыл ичинде шаарда инфраструктуралык жактан ири өзгөрүүлөр болгондугун, жетишкен ийгиликтерде шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жамааттарынын салымы зор болгонун белгилеп, мындан ары да шаардын өнүгүшү үчүн алардын аракеттерине ийгилик каалады.

Шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери С. Авазовдун шаарга сиңирген эмгегин жогору баалоо менен ага мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Эскерте кетсек, С. Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2014-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келди. Анын жетекчилиги менен шаар инфраструктуралык жактан өзгөрүп, курулуш иштеринин көлөмү мурдагы жылдарга караганда 4-5 эсе көбөйгөн. Анын аракети менен шаарды 2016-2026-жылдары өнүктүрүүнүн инвестициялык үлкөн программасы иштелип чыккан жана ал ишке ашырылып жатат.

Ал эми шаарды биринчи вице-мэр Турдалы Темирбаев мэрдин милдетин аткаруучу катары башкара турган болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: