Түркиядан келген кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына тест тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Кечээ, 17-апрелде 211 жаран чартердик рейс менен Түркиядан учуп келишти. Алардын бардыгы обсервацияга жайгаштырылды, ошондой эле бардыгынан коронавируска анализ алынып, 198 жүргүнчүдөн коронавирустун белгилери жок болуп чыкты. Ал эми калгандарынын жыйынтыгы бүгүн түшкү маалда, саат 12лерде белгилүү болот “,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ