Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү басып калгандарды издөө иштери уланууда. Ага куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, жоокерлер тартылып, жалпы 380 адам иштеп жатат.
29-апрелде Аюу айылында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып, 24 жаран анын алдында калган. Кечээ үч адамдын сөөгү табылган.
30-апрелде Аалымдар кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Өзгөн районунда көчкү астында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган. Ага кеңештин 11 мүчөсү катышып, сунушту бир добуштан колдогон.
30-апрелде райондун Жалпак-Таш айыл аймагында дагы он бир үй жер көчкү алдында калды, киши өмүрүнө зыян келген жок. Тургундар бир күн мурун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ