Menu

Ысык-Ата районундагы айылдардын биринен 48 баш койду уурдаганга шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районундагы айылдардын биринен 48 баш койду уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-декабрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун, 61 жаштагы Б.К., кайрылган, ал 2020-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына караган түнү, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган, анткени Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айылдарынын биринен ар кандай түстөгү 48 баш кой уурдалганын билдирген.

Аталган  факт Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР катталып  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) фактысы менен, сотко чейин өндүрүш башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Ата районунун кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү издөө боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ыкчам кызматкерлер жакынкы аймактарды териштирип, күбөлөр менен сурамжылоо жүргүзүшүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган унаанын маркасын аныктап, андан кийин кылмыш жасаган шектүүлөрдү аныкташкан. Алар 24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З. РИИБнө Тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам аныкталган, ал. К.Э. деген жаран экени белгилүү болгон. Ал тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучу Б.К.га 15 баш койду кайтарып берген.

КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде 2 шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу 7ге жакын мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болуп, алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: