Menu

Бишкекте белгисиз адамдар өздөрүн мэриянын кызматкерлери катары тааныштырып, акча которууну суранышууда

Бөлүшүү:

Алдамчылардын курмандыгына айланган мекендештер Бишкек шаарынын мэриясына кайрылышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгисиз адамдар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде өздөрүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери болобуз деп тааныштырып, вице-мэрлердин жалпыга жеткиликтүү сүрөттөрүн колдонушуп, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын которууну суранышууда.

“Бишкек мэриясы буга чейин мындай акча чогултууга катышкан эмес. Шаардык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери мыйзамдын чегинде так иштешет, шаардын бардык механизмдери укуктук жаатта иш алып барат. Борбор калаанын муниципалитетинин кызматкерлеринин бири дагы мындай жеке билдирүүлөрдү жазбайт”, – деп билдирди мэрия.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: