Menu

Нарын ОИИБи: “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы боюнча КЖБРге жалпысынан 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылды

Бөлүшүү:

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы боюнча КЖБРге жалпысынан 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 6-октябрь күнү саат 21:00 чамасында “Вотсап” мессенджерден Бишкек шаарында жайгашкан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун атынан өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып болжол менен 100гө жакын белгисиз адамдар  автоунаалар менен келишип, Кара-Кече филиалынын директору Т.С жана башкы инженери Т.А ээлеген кызматынан кетүүлөрүн талап кылышкан маалымат тараган.

Ошондой эле, көмүр кесиминин видео камераларын карап чыкканда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага жүктөлгөн мыйзамсыз көмүрлөр чыгып кеткендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Нарын ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тез арада иш сапарлары уюштурулуп, топтолгон материалдар жана арыздар боюнча көрсөтүлгөн автоунааларга тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы автоунаалар менен уурдап алып чыгып кеткен көмүрдөн “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына болжол менен 1 000 000 сом зыян келип, бүгүнкү күндө 700 000 сом өндүрүлгөн.

Жалпы “Кыргыз көмүр” боюнча Нарын ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр такталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: