Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде журналисттерге Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи Май райондук сотунун 1-апрелдеги токтомуна ылайык, Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, 2020-жылы 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган. Андан кийин Биринчи май райондук соту Курманбек Дыйканбаевге карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо кампаниясы учурунда Курманбек Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы аныкталган. Баш тарткан учурда ээлеген кызматынан бошотом деп коркуткан.
Такталбаган маалыматтарга караганда, сөз “Дастан” мамлекеттик ишканасы жөнүндө болуп жатат, анын башчысы Талантбек Иманов “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде 9-орунда турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ