Пара алууга шектелип кармалган Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов УКМКнын СИЗО-1мекемесинне 2 айга камакка алынды.
Белгилей кетсек, Эмил Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратов 19-октябрда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу маселелерди оң чечүү үчүн жеке ишкерден пара алышка.
Чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ