Menu

Өзбекстанда кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелген прокурор камалды

Бөлүшүү:

1-мартта Өзбекстандын Термез шаарында Сурхандарья облусунун Кизирик райондук прокурорунун орун басары Шерали Ахмедов кармалды.

Облустук прокуратурадан кабарлашкандай, 37 жаштагы прокурордун орун басары Улуттук коопсуздук кызматынын Сурхандарья облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Нодирбек Туракулов тарабынан түзүлгөн кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелүүдө.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча, Шерали Ахмедов Нодир Туракуловго берүү үчүн ишкерлерден пара алып жүргөн деп шектелүүдө”, – деди облустук прокуратуранын кызматкерлеринин бири.

Камакка алынган прокурордун атасы Жура Ахмедов уулу чынында эле жергиликтүү ишкерлер менен бирге Нодирбек Туракуловдун кеңсесине акча жеткирип берип туганын билдирди. Айтымында, анда акчаларды УККнын мурдагы тергөөчүсү кабыл алгандыгын ырастаган бардык документтер бар.

​– УККнын Тергөө башкармалыгын жетектеген Нодирбек Туракулов уулум Шералини тергөө иш-чараларына аралаштырчу эмес. Бирок ага жарандардан мамлекетке келтирген чыгымдарды чогултуп келүү буйругун берген. Уулум ал жарандар менен бирге акчаны Туракуловго жеткирип берип турган. Өз кезегинде ал акчаны кабыл алгандыгы тууралуу протокол толтуруп, аларды кылмыш иштерине тиркечү. Протоколдун бардыгына Туракулов кол койгондуктан, уулум акчанын бардыгы мамлекетке берилип жатат деп ойлогон, – деди Жура Ахмедов.

УККнын мурдагы кызматкери Нодирбек Туракулов 22-январда Ташкентте кармалган. Андан бир нече күн мурда президент Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусунун активисттери менен жолугуп, Коопсуздук кызматынын аймактагы бөлүмүнүн ишин катуу сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: