Menu

Кыргызстан акча “жууган” тепшиби?

Бөлүшүү:

2016-жылдын башында “Аманбанктын” Оштогу филиалы аркылуу 4,4 млрд. сом (58 млн. доллар) “жуулуп” кеткендиги маалым болгон. Банктын филиалынын башкы бухгалтери менен анын досу “Беркут Строй” деген компанияны каттоодон өткөрүшүп, ал аркылуу курулуш материалдарын сатып алууга жасалма келишимдерди “түзүп”, Кытай менен Литвага каражаттарды которуп турушкан. Ошол эле мезгилде ишкана салык кызматына нөлдүк көрсөткүч менен отчет берип келген. Схема 2014-жылдын январынан октябрь айына чейин иштеп, жыйынтыгында 4,4 млрд. сомду өлкө сыртына чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ошол жылдын мартында 6 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен дагы бир факты аныкталган. Мыйзамсыз акча которуу ишин иликтеген тергөөчүлөр күтпөгөн жерден бир жарандын 3 “бир күндүк фирма” аркылуу Туркия, Дубай, Кытай, Эстонияга 5 млрд. 641 млн. 38 мин сомду “жууп” кеткенин таап чыгышкан. Акчалар 3 фирма аркылуу которулган.

Ошондой эле, былтыры Орусиянын ИИМинин антикоррупциялык башкармалыгынын Дмитрий Захарченко аттуу полковниги кадимки эле спорттук сумкага 170 млн. доллар салып, Кыргызстандан алып чыгып кетип, Москвада колго түшкөн. Анын Кыргызстандагы шериктеши Каржы министрлигинде иштеген чоң чиновник болгон.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: