Menu

Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан президенттери Мирзиёевди жеңиши менен куттукташты

Бөлүшүү:

Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери 2003-жылдан бери премьер-министрликти аркалап, өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин убактылуу мамлекет башчысы болгон Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташты. Орусия президенти Владимир Путин дагы Өзбекстандын жаңы шайланган президентине куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, аны Орусияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен алгачкылардан болуп куттуктады. Рахмондун куттуктоо телеграммасында Мирзиёев «шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеткендиги» айтылган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы Шавкат Мирзиёевди Өзбестандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. Назарбаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Өзбекстандын жаңы президентин Астанага чакырды.

Өз куттуктоосунда Назарбаев болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы өлкө тандаган багыт Өзбекстан элинин колдооосу менен жогорку ишенимине ээ болгонун белгиледи.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Өзбекстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады. Буга чейин Атамбаев Мирзиёев менен мамилеси жакшы экенин бир канча жолу билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: