Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жеке булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, учурда мамлекет башчынын коңшу өлкөгө качан барары такталууда.
Сапардын алкагында Атамбаевдин маркум лидер Ислам Каримовдун Самарканддагы мүрзөсүнө зыярат кылары күтүлүүдө.
Президенттин аппаратынан бул маалыматты ырасташкан жок.
Өзбекстанда 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев добуштардын 88,61 пайызын алып жеңишке жеткен. Атамбаев аны куттуктап, кыргыз-өзбек алакасы ийгиликтүү нукка өзгөрөт деген ишенимин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ