Menu

Камчыбек Жолдошбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Аскар Салымбековго чейин Гүлжан Кулмамбетова мага келип жүрчү…”

Бөлүшүү:

— Камчыбек байке, бизнесиңиз кандай жүрүп атат? Депутат болгондон бери алаксып калгандайсыз го?..

— Бизнесим Кудайга шүгүр! Мына, өзүң көрдүң го, бычакка сап боло турган эки кызым бар, ушулар менин ишимди улантып, баарын жайгарып атышат. Дүнүйөнүн түбүнө ким жетмек эле? Менин таяна турган тоом да ушул кыздарым…

— Сизди коомчулук зөөкүр мүнөз катары сыпаттап жүрүшөт. Маселен, “Ош базардан кош бойлуу аялды Камчыбек Жолдошбаев ичке тепти…” деген ызы-чуу чыкты эле го?

— Эми коё тур. Мен керек болсо боюнда бар келиндин курсагынан өөп коём, кантип ичке тебем, ыя? Мунун баарын Аскар Салымбеков уюштурган, атайын мага катындарды ажылдатып, провокация жүргүзчү. Дал ушул күнгө чейин Аскар мага кыздарды жөнөтөт, “Камчыбек менен мамиле кылышса, анан милицияга арыз жаздырабыз” дешип. Мен да оңой эмес жоомун да, аларды “Беш-Сарынын” балдарына салып берем, биздин жигиттер тияк-быягын байкашып, өздөрү “диагноз” коюп коюшат…

— Негизи кыз-келиндерге жакын экениңиз боюнча көп айтылып калат да. Өзүңүз дагы жөн жүрбөсөңүз керек…

— Эй, Кудайды карасаң боло, ошол эле Гүлжан Кулмамбетова башында мага келип жүрчү, мен акча берип, аны көп жолу колдогом. Кийин гана Аскар Салымбековго тийип, токол катары жашап кетти. Ошондо менин аяшым Гүлмира катуу кайгырган, “башканы алса да, ушул Гүлжанды албаш керек эле” деп мага айткан раматылык. Аскар токол алып баштагандан кийин биринчи аялы Гүлмира ооруп, ошонун айынан өлүп кетти. А болбосо жашап жүрмөк да. Эми бул сөздөр чындык, Кудай алдында да мен дайыма ачык ойду айтам…

— “Парламент тарайт” деген пикирлерге кандай карайсыз?

— Парламент тарабаш керек. Бүгүнкү күндө элибиз үчүн баардык жетишкендиктер боюнча кызмат кылып атабыз. Азыр депутаттардын 100 пайызы Жогорку Кеңештин тарашына каршы.

— Эгер Атамбаев буйрук берсе, коркок депутаттар чилдей тарап кетишет да, туурабы?

— Эми Алмазбек Шаршеновичтин ниети болсо, анда кеп башка. Биз жалпысынан парламентти сактап калууга жан үрөп атабыз. Бирок, Атамбаев айтса, анда бир билгени бар. Ойлонуп көрөлү. Аныгында, парламент тарап кетиши да мүмкүн. Мен кайра эле депутат болуп келгенге толук түрдө шансым бар.

— “Өнүгүү-Прогресс” партиясына сиз көп добуш алып бергениңизди саясый элита билет экен…

— Мен мактанбайын, 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда Нарын, Ат-Башы тарап негизинен мага добуш беришти. Ал эми Бишкекте жашаганыма канча жыл болду? Бул жакта да калың электоратым бар. Кудайга шүгүр добуш алдык. Дагы бир баса белгилеп коёюн, эгер мен “Өнүгүү-Прогресс” менен аламанга аттанбасам, бул партия өтпөй калмак. Азыр фракциядагы депутаттардын жарымы мени колдошот, Бакыт Төрөбаев лидер боло албай калган…

— Айтмакчы, сиз бир курдай Садык Шер-Нияз менен айтышып, катуу тирешкендей болдуңуздар…

— Эми сен акылдуу баласың, өзүң ойлоп көрчү, Болот Шерниязов жакшынакай фамилиясын кыскартып, “Болот Шер” деп жаздырып алыптыр. Ай, мен айттым, “жаман иттин аты бөрү басар”, атасынын атын кыскартып, жулмалагандай кылып жаздырса болобу? Мындайды акмактар кылат да, туурабы? Күлкүң келет да, “Шер” десе эле Болоту, Садыгы баатыр болмок беле, булар “куйругун кыпчып”, бийлик менен эптеп ымала кылуу үчүн жашап жүргөн пенделер да. Керек болсо бүгүн да айтам, бул бир туугандар кошоматчылар. Абийир кайда?..

— Үй-бүлөңүз боюнча да кеп айтсаңыз?

— Баары жакшы. Сен тиги 12-кичирайондо жашап жүрбөйсүңбү, сага кошуна жерде менин эки-үч квартирам бар. Ошол жакта жаштыгым калды. Спорт менен машыгып, дайыма жөө басып, жигердүү жүрчүмүн. Эми азыр кадырлуу аксакал, эл өкүлү болуп жүрөм. Улуу кызым Бишкек шаардык кеңешинде депутат, бизнести катырат, кичүү кызым да “Беш-Сарыны” иштетип, кыймылдатып аткандар ушулар. Кудай буюрса, менин кыздарым эл башкарат, депутат болушат, себеби, деңгээлдери бийик, акылдуу десем жаңылышпайм…

Асланбек Сартбаев

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: