Бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди.
Сот тарабынан Райым Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.
Буга чейин Бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, тергөө органдарына суракка алынган.
Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, Матраимовдун кылмыш иш-аракеттеринен мамлекеттик бюджетке келтирилген алдын-ала зыян 2 миллиард сомго жакын суммада аныкталган.
Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ