Сокулук районунун ИИБси уурулардан жапа чеккен жарандарга кайрылды. Тээ август айында Сокулук ИИбисине Селекция айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, үйдө эч ким жокто белгисиз бирөөлөр үйүнө киришип, акчаларын, алтын буюмдарын, чөнтөк телефондорун уурдап кеткени боюнча арыз жазган. 7-сентябрда Сокулуктун милиция кызматкерлери шектелген кишинин Бишкектеги үйүн тинтип, ноутбуктарды, плазма сыналгыларын, ар түрдүү чаң соргучтарды, компьютердик аксессуарларды, шубаларды, дубленкаларды табышкан.
Азыркы учурда аталган буюмдардын алтоосунун ээси табылды. Калгандары бөлүмдө сакталып турат. Кимде-ким өз буюмдарын тааныса, Сокулук ИИбисине кайрылыңыздар: 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0700 11 31 76, 0700 52 03 05.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ