14-сентябрда Москва шаарында Ж. Акаев уюштурган “Демилге ” кубогу болуп өттү. Ага Ысык-Көлдүн эки командасы, Каракол, Жалал-Абад ж.б командалары катышкан. Мындан тышкары “Кg-лиганын” оюнчулары ойногон. “Кg-лиганын” президенти М. Мамбеткуловдун айтымында профессионалдык деңгээлде ойногон футболчулар да катышкан.
“Биз бул оюнду өткөрүүдө эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөгөн жокпуз. Негизги максатыбыз миграция күч алган кезде мекендештерибиздин башын бириктирүү, ынтымакты күчөтүү”, -деди Жанар Акаев.
Оюндун жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун “Гүлбаар” командасы жеңишке жетишти. Футболчулардын айтымында оюн мыкты деңгээлде өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ