Мамлекеттик тараптан көзөмөлдүн жоктугу жана пансионат ээлеринин шалаакылыгы эс алуучулардын өмүрүнө шек келтирүүдө. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Мухаммедкалый Абылгазиев жарандардын коопсуздук маселенин камсыздоого чакырып эс алуучу жайларды текшерүүнү талап кылды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов 300 пансионаттын 80нин гана куткаруучулары бар деп айтты.
Эскерте кетсек, КСДПчы депутат Чыныбай Турсунбековго тиешелүү “Акун” пансионатнда “Азаттыктын” журналисти Улан Эгизбаев каза тапкан. Ал сууга чөккөн учурда пансионаттын куткаруучулары болбой калган. Эгизбаевди куткаруучу катары тажрыйбасы жок эле жээктеги эс алуучулар суудан таап алып чыккыча убакыт кеч болуп калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ