“Настоящее время” телеканалы “Дордой: шаардын ыплас чет жакасындагы карапайым элдин жашоосу” аттуу документалдык фильм тартып, жарыялады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкектеги “Дордой” базары 23-марттан тарта белгисиз мөөнөткө жабылган. Буга чейин “Дордой” базары бир да күн тынбай иштеп келген. Эми, Борбордук Азиядагы эң чоң делген базар 1 айдан ашык иштебей каңгырап бош турат. Ал жакта ишгендердин көпчүлүгү базарга жакын аймактарда жашашат. Дүйнө жүзү коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан маалда, бул аймакта жашаган адамдар ачкачылык менен күрөшүп келишет.
“Дордой” базарында иштеп, күнүмдүк оокат менен жан багып келген жарандардын айтымында, базар жабылгандан бери акчасыз, тамак-ашсыз калышкан. Мамлекеттен, коомдук уюмдардан жана ыктыярчылардан гуманитардык жардам берилет, бирок алар көпкө жетпейт. Алар коронавирустан эмес, ачкачылыктын азабынан курман болобуз деп коркушат.
Бишкек шаарына карантин киргизилгенден кийин базардын аймагында батирде жашаган адамдар биринчи жолу каттоого алынган. Болжол менен 8 миң үй-бүлө катталган, дээрлик бардыгы жакырчылыкта жашашат.
Жергиликтүү аймактан ыктыярдуу активист болгон айымдардын айтуусунда, гуманитардык жардам 90-100 баштык болуп келсе, аларды 15 көчөгө бөлүштүрүш керек. Аны таратканда бир көчөгө 4-5 азык-түлүк баштыгы гана туура келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ