Menu

Өзбекстан 100 миллион долларга жаңы учак сатып алды

Бөлүшүү:

11-мартта Өзбекстан улуттук авиакомпаниясынын паркы Wi-Fi менен жабдылган Airbus компаниясынын A320neo үлгүсүндөгү учагы менен толукталды.

Гамбургдан келген жаңы учак 150 жүргүнчүгө ылайыкташкан. A320neo башка учактардан айырмаланып, күйүүчү майды 20% үнөмдөйт жана 5000 чакырым алыстыкка учууга жөндөмдүү.

Uzbekistan Airways кабарлагандай, Airbus компаниясынан эки учак сатып алуу боюнча келишимге 2017-жылы кол коюлган. Экинчи учак апрель айында келет. 2020-жылы октябрь-ноябрь айларында A320 үлгүсүндөгү үчүнчү учак жеткирилет.

Мындан тышкары Boeing 787 Dreamliner үлгүсүндөгү эки авиалайнерди сатып алуу пландалууда.

2018-жылы 24-декабрда Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясына таандык, баасы 200 миллион доллар турган Boeing 787-8 Dreamliner учагы жарактан чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: