Menu

“Сезим” кризистик борборунда жалаң Бүбүсара Рыскулованын туугандары иштейби?

Бөлүшүү:

«Акыркы күндөрү Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана каржылоосу менен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана фонддор аркылуу гейлерди жана гомосексуалдарды пропагандалоо күч алды. Кыргыздын каада-салтына, маданиятына, үй-бүлө күтүү баалуулуктарына, ишенген динине жана бийик туткан дилине каршы саясат жүргүзүшүп, элге жагымсыз нерсени таңуулоодо.

8-мартта өткөн айымдардын майрамындагы «гей парадда» «Сезим» кризистик борбору дагы митингге чыгышты. Ооба, жылдагыдай эле 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аялдардын укуктары боюнча митинг өттү. Бирок, бул жолу өзгөчө болду. Анткени, «кумсалар» менен «лесбиянка» деп аталып, эркек менен эркек, аял менен аялдын жыныстык катнашын кубаттаган уюмдар жети түстөгү желегин желбиретип чыгышты. Алардын арасында жашы жетимиштен өткөн «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова да жамааты менен чыгышты. Ой, жамааты эмес эле бир туугандары жана курдаштары менен го? Анткени, бул уюмда Бүбүсара Рыскулованын туугандары иштейт. Анда тааныштыра баштайлы…. Ракия Рахматова – Бүбүсара Рахматовнанын инисинин кызы. 20 жылдан бери «Сезимдин» адвокаты. Кадыркулова Мээрим программалык координатор – Бүбүсара Рыскулованын кызы. Жубайы, маркум режиссер, жазуучу, журналист Кадыркул Өмүркулов экөөнүн кызы. Анара Өмүркулова «Нур» транзиттик социалдык үйүнүн жетекчиси – Бүбүсаранын келини. Бермет Бектенова бухгалтер – Анара Өмүркулованын бир тууган сиңдиси. Мындан тышкары, иштеп жаткан психолог, психотерапевт жана социалдык кызматкерлер жакын болбосо дагы алыс туугандары, тааныштары же Бүбүсара Рыскулова өзү айткандай, «боевой курбулары». Айдоочусуна чейин тууганын алган бул уюмда сейрек гана сырттан адамдар иштешет. Бирок, алар көпкө турбайт. Анткени, психологиялык атмосфера абдан курч. Ар бир келген гранттар жакын туугандар арасында жакшы бөлүштүрлүп турат. Ошондуктан, эч кимиси жылбай, жыйырма жылдап уюмда иштеп жатышат. Жаңы адамдар келип иштеп, «Сезимди» алдыга чыгарган болсо, алар дагы көпкө турушпайт. Анткени, үй-бүлөлүк уруштар офиске чейин уланып кетери айтылып атат го?».

Бул окурманыбыздан келип түшкөн кат.

«Сезим» кризистик борборунда чындат эле туугандар иш алып барышабы? Алынган гранттар кайда жумшалат? Алынган гранттардын канча бөлүгү айлык акыга кетет? Кызматчылар канча айлык алат? Албетте, окурмандар үчүн кызык суроолор. Буларга «Сезим» кризистик борбору кандай үн катат?

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: