Menu

Албек Ибраимов 5 млн. долларды кантип кымырган?

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Атамбаевдин мурдагы кампачысы, андан кийин Бишкектин мэри болгон кадимки Албек Ибраимовдун алкымы айылдаш агасы бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап турганда, араандай эле ачылган тура. Буга дейре ага ондогон кыймылсыз мүлктөр, бизнес объекттер, 300 гектардан ашык жерлер тиешелүү экендиги аныкталып, биз да ал тууралуу жазганбыз.

Мына ушул эргул “Манас” эл аралык аэропортунун президенти болуп турганда да коррупциялык жолдор менен ири акчаларды жасаган экен. Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы 2014-жылы “Манас” эл аралык аэропортунан 5 млн. доллардын оффшордук компания аркылуу чыгарылып кеткенин аныктап, бул боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштуу иштеги башкы фигурант Албек Ибраимов экендиги маалым болду. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, “Манас” эл аралык аэропортунун А.Ибраимов баштаган бир катар жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп алышып, мамлекетке 5 млн. доллар өлчөмүндө зыян келтирген кылмыштуу схеманы ишке ашырышкан. Тагыраагы, 2014-жылдын башында Кипр Республикасынын жараны Е.К. турган “Ф.С.Л.” деген компаниядан “Манас” ААКга баасы 7 млн. турган “Топливный центр” ЖАКсын сатып алуу боюнча коммерциялык сунуш түшөт. Баарынан кызыгы, сатыкка коюлган убакта компания банкроттук абалга кептелип, рыноктук баасы араң 100 миң долларга бааланып турган. Сунуш түшкөндөн көп өтпөй эки тарап сүйлөшүүгө келип, “компания кирешелүү, карыздары жок” деген маанидеги жалган кызматтык катты даярдашат. Андан соң 2014-жылдын 25-декабрында ушул кызматтык каттын негизинде “Манас” ААКнын директорлор кеңеши “Топливный центр” ЖАКнын 100% акциясын сатып алуу боюнча чечим кабыл алат. Көп өтпөй эле 5 млн. доллар өлчөмүндөгү сумма “Манас” ААКнын эсебинен эки оффшордук компаниянын эсебине которулган.

Көрүнүп тургандай, мындай ири суммадагы коррупция “Манас” ААКнын ошол кездеги башчысы Албек Ибраимовдун «добросу» жок ишке ашырылмак эмес. Уурдалган 5 млн. доллардын негизги суммасын да Албек мырза капчыкка салгандыгы талашсыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: