Menu

Казакстанда Telegram аркылуу маңзат сатып жүргөн адам соттолду

Бөлүшүү:

30-сентябрда Казакстандын Караганды шаарында ири өлчөмдө маңзат сактоо жана сатуу айыбы менен 22 жаштагы жергиликтүү тургун алты жылга эркинен ажыратылды.

Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучу мындан тышкары жабырлануучулар фондуна 50 миң теңге же 128 доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Тергөөнүн маалыматына караганда, соттолуучу гашиш сатуу тууралуу жарыяларды Telegram мессенджеринде жайылтып, акчасын мобилдик тиркеме аркылуу алып турган. Тергөө маалында айыпталуучуга маңзатты кимдер жеткирип турганын аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Сотто айыпталуучу маңзат сатпаганын билдирип, гашиш сактаганын гана мойнуна алды.

Алгачкы берген көрсөтмөлөрүндө ал айыптоолордун бардыгын мойнуна алган. Бирок кийин ага карата укук коргоо органдары тарабынан кысым болбогонун айтып, көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: